• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

29-мартка чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 24.03.21. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 25-марттан 29-мартка чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

25-29-марттарда Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

25-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Талас облусунун кээ бир райондорунда жаан, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

26-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы, Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

27-мартта түнкүсүн жана эртең менен Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

28-29-марттарда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 26-29-марттарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

25-29-марттарда Бишкек шаарында күтүлгөн аба-ырайы

25-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, 14 метрге чейин жетиши күтүлөт.

26-мартта, 27-мартта түнкүсүн жана эртең менен жаан жаашы күтүлөт.

27-мартта күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

28-29-марттарда жаан жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 26-мартта 14 метрге жетиши күтүлөт.

25-29-марттарда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

25-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

26-мартта, 27-мартта түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

27-мартта күндүз Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

28-29-марттарда көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 26-29-марттарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

25-29-марттарда Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

25-мартта жаан-чачын күтүлбөйт.

26-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

27-мартта түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

28-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

29-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 26-29-марттарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

25-29-марттарда Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

25-мартта жана 26-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

26-мартта күндүз жана 27-мартта жаан жаашы күтүлөт.

28-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

28-мартта күндүз жана 29-мартта жаан, кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 26-27-марттарда, жана 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

25-29-марттарда Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

25-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

26-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

27-мартта түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

28-29-марттарда көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 29-мартта кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 26-29-марттарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий