• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

29-ноябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 28.11.19. /Кабар/. Эртең, 29-ноябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…-5, Талас облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…+2 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5 градус, Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -1…-6 градуска жетет.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн -2…-7 градус, күндүз 3…8 градус.

Борбор калаабыз Бишкек шаарында эртең, 29-ноябрда кар жаабайт, абанын температурасы түнкүсүн -9…-11 градус, күндүз 0…-2 градус суук болушу күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий