• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

29-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 29.11.22. /Кабар/. Бүгүн, 29-ноябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда күндүз -2…+3, Таласта -4…+1, Ысык-Көл облусунда күндүз 3…8, Нарын облусунда 0…5 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүзгү абанын температурасы 5…10 градуска жетет

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт. Күндүз 1…3 градус жылуу болот.

Пикир

Оставить комментарий