• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

29-октябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 24.10.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 25-октябрдан 29-октябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

25-27-октябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

28-октябрда түнкүсүн Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаашы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

29-октябрда түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаашы, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтулбөйт.

28-октябрда күндүз жана 29-октябрда түнкүсүн Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 27-октябрда күндүз жана 28-октябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

25-27-октябрларда жана 28-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

28-октябрда эртең менен, күндүз жана 29-октябрда мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 27-октябрда күндүз жана 28-октябрда 14 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

25-27-октябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

28-октябрда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жана Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаашы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

29-октябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаашы, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын күтулбөйт.

28-октябрда күндүз жана 29-октябрда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 27-октябрда күндүз жана 28-октябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

25-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

26-27-октябрларда жана 28-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

28-октябрда күндүз кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен жаан жаашы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

29-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен жаан жаашы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

28-октябрда күндүз жана 29-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 27-октябрда күндүз жана 28-29-октябрларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

25-28-октябрларда жана 28-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

28-октябрда күндүз жана 29-октябрда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 28-октябрда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

25-27-октябрларда жана 28-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

28-октябрда күндүз кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен жаан жаашы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

29-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен жаан жаашы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 27-октябрда күндүз жана 28-29-октябрларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий