• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

29-сентябрда чет элдик жумуш берүүчүлөрдүн онлайн жарманкеси өтөт. Каттоо жүрүп жатат

Коом 0


Бишкек, 24.09.21. /Кабар/. 29-сентябрда Бишкек убактысы боюнча 11:00дөн 14:00гө чейин Zoom аркылуу “Чет элкөлүк жумуш берүүчүлөрдүн I эл аралык жумуш орундар жарманкеси" өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Тышкы департаментке караштуу маалыматтык-консультативдик борбордун директорунун орун басары Алмаз Алымбаев билдирди.

Анын айтымында, аталган жарманке Кыргызстанда кызыктар тараптардын аралыктан катышуу форматында биринчи жолу өтүп жатат жана КРнын жарандарын жумушка орноштурууну мыйзамдуу уюштуруу процессин оптималдаштырууга багытталган.

“Иш-чаранын максаты иш берүүчүлөрдү бош орундарын көрсөтүү үчүн кеңири тартуу, ал эми жумушчуларды реалдуу убакыт режиминде, анын ичинде жумуш берүүчүлөр менен түз байланыш аркылуу алар үчүн алгылыктуу жумуш табууга тартуу болуп саналат. Жарманкенин катышуучулары мамлекеттик мекемелер, жеке ишке орноштуруу агенттиктери, төмөнкү өлкөлөрдүн жумуш берүүчулөр: Россия, Корея, Япония, БАЭ, Түркия жана башкалар. Алар жарандарга учурдагы бош кызмат орундарын, жумуш берүүчүлөрдүн артыкчылыктуу талапкерлерге койгон талаптарын сунуштайт”, - деди ал.

Маектешүү 29-сентябрдан 1-октябрга чейин өтөт.

Алыбаев бүгүнкү күндө жарманкеге катышуу үчүн каттоо жүрүп жатканын жана техникалык себептерге байланыштуу орундардын саны чектелүү экенин белгиледи.

“Бирок жарманке migrant.kg сайтында жана Маалыматтык-консультативдик борборундун социалдык тармактардагы баракчаларында түз эфирде көрсөтүлөт”, - деди ал.

Мындан тышкары, борбордун директору анкета толтурган жарманкенин бардык катышуучулары менен алардын кызматкерлер байланышарын белгиледи.

“Кайтарым байланыш болорун белгилеп кетким келет. Биздин кызматкерлер 28-сентябрдан тартып WpatsApp аркылуу арыз таштаган жарандар менен байланыша баштайт”, - деди Алымбаев.

Пикир

Оставить комментарий