• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

29-сентябрда Жалал-Абаддын айрым көчөлөрүндө газ болбойт

Аймак 0

Бишкек, 28.09.22. /Кабар/. Эртең, 29-сентябрда Жалал-Абад шаарынын айрым көчөлөрүндө газ болбойт. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, эртең саат 09:00дөн 18:00гө чейин авариялык оңдоп-түзөө жумуштарына байланыштуу Көк-Арт № 21, 22, 28, 35, 37, 54 Фрунзе, Абасбекова, Ташкентская, Молодежная, Жамашев, Айтакалов, Умаркулова, Айтиев, Победа, Тажибаев, Арапбаев көчөлөрүндө газ өчүрүлөт.

Жалал-Абад мэриясы жарандарды жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий