• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

29-сентябрга чейин өлкө аймагында аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин жообу

Коом 0

Бишкек, 24.09.19. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору жакынкы күндөргө карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, 25-27-сентябрь күндөрү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

28-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

29-сентябрда кээ бир райондордо жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

25-27-28-сентябрь күндөрү түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт

28-сентябрда күндүз көпчүлүк аймактарда, 29-сентябрда кээ бир райондордо жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 28-29-сентябрда айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

25-27-28-сентябрь күндөрү түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 28-сентябрда күндүз жана 29-сентябрда мезгил-мезгили менен жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, 28-29-сентябрда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

30-сентябрда жана 1-октябрда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, айрым жерлерде жаан-чачын каттуу жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы төмөндөйт.

Пикир

Оставить комментарий