• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

29-сентябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 24.09.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 25-сентябрдан 29-сентябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

25-сентябрда жана 26-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

26-сентябрда күндүз Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан, кар жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

27-сентябрда түнкүсүн Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда жаан, кар, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан, Талас облусунун тоолуу райондорунда жаан, кар, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Талас облуснунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

28-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

28-сентябрда күндүз жана 29-сентябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоолуу кар жаашы күтүлөт.

29-сентябрда эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 27-сентябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

25-26-сентябрларда жана 27-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

27-сентябрда күндүз жаан жаашы мүмкүн.

28-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

28-сентябрда күндүз жана 29-сентябрда жаан жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

25-сентябрда жана 26-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

26-сентябрда күндүз жана 27-сентябрда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо жаан, кар, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Жалал-Абад облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

27-сентябрда күндүз Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда жаан, кар, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Ош, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө, Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

28-сентябрда түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан-чачын жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

28-сентябрда күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

29-сентябрда түнкүсүн кээ бир райондордо, эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаашы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 27-сентябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

25-сентябрда жана 26-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

26-сентябрда күндүз, 27-28-сентябрларда жана 29-сентябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

29-сентябрда эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаашы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 26-сентябрда күндүз жана 27-28-сентябрларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

25-26-сентябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

27-сентябрда мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт.

28-сентябрда жана 29-сентябрда түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн.

29-сентябрда күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 26-сентябрда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

25-26-сентябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

27-28-сентябрларда жана 29-сентябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

29-сентябрда эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаашы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 27-28-сентябрларда кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий