• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

29-сентябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 29.09.21. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 29-сентябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +22...+27, Ысык-Көл, Нарын облустарында +20...+25, Талас облусунда +19...+24, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +25...+30 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +25...+27 градус болсо, Ошто +28...+30 градуска жетет.



Пикир

Оставить комментарий