• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

3-5-октябрга карата аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 02.10.17 /Кабар/. Республиканын аймагында 3-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолордо кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

4-5-октябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 18-23 метрге жетет.

6-октябрда айрым жерлерде жаан жаап, тоолордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Пикир

Оставить комментарий