• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

3-апрель. Республикалык штабдын саат 20:00гө карата маалыматы

COVID - 19 0

Бишкек, 03.04.20. /Кабар/. Бүгүн, 3-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган 14 жаңы учур аныкталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 130га жетти. Алардын ичинен 5 адам коронавирустан айыгып чыккан. Коронавирус жуктурган 1 адам каза болду.

Республикалык штабдын саат 20:00гө карата маалыматы:

- Коронавирус жуктургандардын ичинен 4 бейтап оор абалда жатат. Анын ичинен 1 бейтап жасалма дем алуу аппараты аркылуу дем алууда.

- Республика боюнча 1 миң 900 адам обсервацияда жатат.

- "Лабораторияларды экспресс-тесттер жана ПЧР диагностика үчүн реагенттер менен камсыздоо боюнча чоң иш жүргүзүлүп жатат. Гуманитардык жардам катары 21 миӊ экспресс-тест келди, жалпы ыкчам диагностикалоо үчүн 60 миӊ тест система бар", - деп билдирди саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов.

- Өткөн суткада коменданттык саатты бузгандардын саны:

* Бишкек шаарында - 53 адам;

* Ош шаарында, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунда - 30 адам;

* Жалал-Абад шаарында, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда - 1 адам.

- Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарынын комендатурасындагы көчмө жыйында көзөмөл-санитардык пункттар өз ишин так аткарышы керектигин – карантин аймагына карапайым жарандардын себепсиз өтүшүнө жол бербей, ишкерлердин жана медиктердин өтүүсүнө тоскоолдук кылбоого тийиш экенин эскертти.

- Жакынкы эки күндө оорулуулар менен байланышта болгон адамдардын инкубациялык мезгили аяктагандыктан, Бишкек шаарында кошумча жерлерде кыймыл чектөөгө алынат.

- КР Өкмөтүнүн токтому менен кошумча нарк салыгын төлөөчүлөр, товарларды импорттоочулар жана экспорттоочулар үчүн милдеттүү түрдө электрондук эсеп-кысап колдонуу мөөнөтү 2020-жылдын 1-июлуна чейин жылдырылды. Көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин 2019-жылдын 1-июлунда ишке кирген пилоттук долбоор ишке ашырылат.

- Коронавирус менен күрөшүү боюнча административдик эсепке 83,5 млн. сом келип түштү.

- "Жарандар билим берүү министрлигинин суроолору боюнча арыз-кайрылууларын онлайн режимде kat.edu.gov.kg порталына калтырса болот. Бардык кайрылуулар автоматтык түрдө тийиштүү бөлүмдөргө түшөт" – деп билдирди билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков.

Мындан тышкары билим берүү министри бүгүнкү брифингде төмөнкүлөрдү билдирди:

- 8-апрелден тарта аралыктан окутуу башталат, төртүнчү чейректин сабактарын мектеп окуучулары үйдөн окушат;

- министрлик түзүлгөн кырдаалдан чыгуу боюнча Антикризистик планды бекитти;

- кыргыз жана орус тилдеринде теле сабактардын бирдиктүү жүгүртмөсү түзүлдү, бул процесске Бишкек жана Ош шаарларындагы эки жүздөн ашык мугалим тартылды:

- Сабактар "Баластан" (1-4-класстар), "Илим жана билим", ЭлТР, Пирамида, 5-канал, Санат ТВ (5-11-класстар) каналдарынан көрсөтүлөт, ошондой эле видео сабактар "Кыргызстандын билим берүү ресурстары" Youtube каналына дагы жүктөлөт;

- сабактардын материалдары oku.edu.gov.kg порталына жайгаштырылат;

- мугалимдер окуучулар менен байланыш түзүүдө мессенджерлер жана төмөнкү платформалар колдонулат: Telegram, WhatsApp, Zoom, Google classroom;

- ЖРТны өткөрүү мөөнөттөрүн жылдыруу пландалып жатат, учурда түзүлгөн кырдаалды эске алуу менен тестирлөөгө каттоо жана аны өткөрүү маселелери иштелүүдө. Керектүү маалыматты абитуриенттер testing.kg сайтынан ала алышат.

- 9-апрелде республика боюнча почта байланыш бөлүмдөрү ачылат. Ошол эле күнү почтальондор пенсиялар менен жөлөкпулдарды пенсионер жана жөлөкпул алгандарга жеткире баштайт. Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Кыргыз почтасы" ишканасы жарандарды үйдө калууга чакырат, почтальондор ар бир пенсионер жана жөлөкпул алуучуга соцтөлөмдөрдү үймө-үймө жеткиришет. Зарыл болсо, алар дем алыш күндөрү да иштешет.

Белгилей кетсек, коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий