• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

3-августка чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 29.07.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 30-июлдан 3-августка чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

30-июлда түнкүсүн Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

31-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 31-июлда эртең менен, күндүз жана 1-2-августтарда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

1-2-августтарда кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

3-августта түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 31-июлда жана 1-2-августтарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

30-июлда түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. 30-июлда күндүз жана 31-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

31-июлда күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 1-2-августтарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

3-августа түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 31-июлда күндүз 14 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

30-июлда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

31-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 31-июлда эртең менен, күндүз жана 1-августта түнкүсүн Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

1-августта күндүз жана 2-августта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

1-2-августтарда кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

2-августта күндүз Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

3-августта түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 31-июлда жана 1-2-августтарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

30-июлда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

31-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 31-июлда эртең менен, күндүз жана 1-3-августтарда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

1-2-августтарда кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 31-июлда жана 1-3-августтарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

30-июлда түнкүсүн жаан-жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. 30-июлда күндүз жана 31-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

31-июлда күндүз жана 1-3-августтарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 31-июлда күндүз жана 1-3-августтарда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

30-июлда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

31-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 31-июлда эртең менен, күндүз жана 1-2-августтарда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

1-2-августтарда кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 3-августта кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 31-июлда жана 1-2-августтарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий