• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

3-августка карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 02.08.22. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 2-4-августта туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде жана сел жүрүшү мүмкүн.

Эртең, 3-августта түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтөт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк жерлеринде, Ош, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтөт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 15...20, күндүз 27…32, Таласта түнкүсүн 12...17, күндүз 26…31, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 23...28, Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 24…29 градус жылуу болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын табы ​түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36 градуска жетет.

Бишкек шаарында Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 30…32 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий