• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

3-декабрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 28.11.19. /Кабар/. 29-ноябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда бир аз кар жаашы күтүлсө, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

29-ноябрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак, тоңголок болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

30-ноябрда жана 1-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак, тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

2-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 2-декабрда күндүз жана 3-декабрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлсө, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

3-декабрда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Пикир

Оставить комментарий