• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

3-февралга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 03.02.22. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 3-февралга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн, 3-февралда эртең менен жана күндүз Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында -2...+3, Ысык-Көл облусунда 0...+5, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +2...+7, Нарын облусунда -2...-7 градус болот.

Бишкекте эртең менен жана күндүз жамгыр, кар жаайт. Абанын температурасы 0... +2 градус болору күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий