• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

3-февралга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 03.02.23. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 3-февралга карат Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба-ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Ысык-Көл, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө, Чүй, Ош облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метре жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +6…+11, Ысык-Көл облусунда +3…8, Талас облусунда +5…+10, Нарын облусунда 0…-5 суук болсо, Бишкекте +8…+10, Ош шаарында +9…+11 градус жылуу болушу күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий