• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Үч үй, оор жүк ташуучу унаа жана контейнер күйдү. Бишкектеги өрттүн кесепеттери

Кырсык 0

Бишкек. 15.03.19 /Кабар/. Сокулук районунун Новопавловка айылындагы ири өрт толугу менен өчүрүлдү, жабыркагандар жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, Фрунзе көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн чыккан өрт саат 15:42 толугу менен өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен 3 турак үй (болжол менен 420ч.м.), 1 оор жүк ташуучу унаа жана 1 контейнер күйгөн.

Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жана каза болгондор жок.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий