• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

3-январга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 02.01.19. /Кабар/. Эртең, 3-январда түнкүсүн айрым райондордо кар жаайт, - деп билдирет Кыргызгидромет борбору. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорун туман каптайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5;

Талас облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5;

Баткенд облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7;

О, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -2…+3;

Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -7…-12;

Эртең Бишкек шаарында кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз 1…3 градуска чейин жогорулайт.

Пикир

Оставить комментарий