• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

№3 лицей-мектеби оңдолду: электрондук китепкана, интерактивдүү тактай жана 24 класс жаңыртылды

Коом 0

Бишкек, 16.08.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Жаңы окуу жылына карата №3 Беловодск лицей-мектебиндеги 24 класс оңдолгонун Билим берүү жана илим министрлигинин басма-сөз кызматы билдирди.

Мектептин директору Т. Иманалиевдин айтымында, мектеп жаңы окуу жылына даяр.

"Окуу жайдын 24 классы оңдолуп, мектептин алдына брусчатка төшөлдү. Лицейдин негизги сыймыгы – ашкана, ал жерде 20 жылдык стажы бар ашпозчу иштейт. Ошондой эле, электрондук китепкана иштейт жана анын жардамы менен мугалимдер семинарларды уюштуруп келет. Мугалимдер балдарды окутууда интерактивдүү тактайларды колдонушат", - дейт Иманалиев.

Окуу жайды оңдоо үчүн республикалык бюджеттен акча бөлүнгөн жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен ишке ашкан.

Пикир

Оставить комментарий