• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

3-майга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 02.05.19. /Кабар/. Эртең, 3-майда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында жаан-чачын катуу болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 12…17, Талас облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 12…17 градус.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18, Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17 градус.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 14…19 градус болот.

Эртең борбор калаабыз Бишкек шаарында маал-маалы менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8 градус, күндүз 13…15 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий