• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

3-мартка карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 02.03.20. /Кабар/. Эртең, 3-мартта түнкүсүн Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаайт, тоолуу аймактарында кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, тоолуу райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17 градус, Талас облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 11…16 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8, Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз 3…8 градус жылуу болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19 градус жылуу болушу күтүлөт.

Эртең, 3-мартта борбор калаабыз Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5, күндүз 15...17 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий