• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

3 миллионунчу шайлоочу Баткенде катталган

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 15.10.17 /Кабар/. Бүгүн Кыргыз Республикасында шайлоочулардын сапаттуу тизмесин түзүү жана таза шайлоо өткөрүүгө негиз болгон инновациялык технологияларды колдонуу менен сегизинчи ирет шайлоо өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу КР МКК басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча шайлоочулардын жалпы саны 3 025 768 жаранды түздү. Ал эми Кыргызстандын 3 миллионунчу шайлоочусу Баткен облусунун Кадамжай районунан Орозгул Курамова болду. МКК жетекчилиги 3 миллионунчу шайлоочуга эстелик белектерин тапшырып, өлкөбүз үчүн ар бир шайлоочунун маанилүү экенин белгилешти.

Белгилей кетсек, 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоочулардын саны 2 миллиона 761 297 жаран болгон. Бул көрсөткүчтөр 2016-жылдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана реферндумда 2 млн 851 952 адамга жеткен.

Пикир

Оставить комментарий