• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Түштөн кийин аба ырайынын өзгөрүүсү күтүлөт. 3-ноябрга карата маалымат

Коом 0

Бишкек, 03.11.21. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2021-жылдын 3-ноябрь күнү республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы тууралуу маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, күндүн биринчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн экинчи жарымында Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий