• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

3-ноябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 02.11.18. /Кабар/. Эртең, 3-ноябрда өлкө аймагында түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тайгак жана тоңголок болот. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 1…6,

Талас облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 1…6,

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -4…+1,

Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -1…+4,

Эртең борбор калаабыз Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 4…-6°, күндүз 1…3° градус болот.

Пикир

Оставить комментарий