• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

3 сквер, 15 миң лампа жана бак-дарак. Быйыл Бишкекте аткарыла турчу иштер

Коом 0


Бишкек, 01.04.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 2021-жылы борбор калаанын көчөлөрүнө 15 миң электр лампасы орнотулат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында “Бишкек жарык” муниципалдык мекемесинин жетекчиси Алимбек Абдылдаев билдирди.

“2019-жылы кышка чейин 7 миң лампа, 2020-жылы 13,5 миң лампа орнотулду. Шаардын ичи эле эмес, жаңы конуштар да жарыктандырылды. Быйыл 3-4 миңдей лампа орнотуп койдук жана алардын санын 15 миңге жеткиребиз деп жатабыз”, - дейт ал.

Абдылдаев “Бишкек жарык” мекемесинин быйылкы бир жылдык бюджети 320 млн сомду түзөрүн айтты. Бир лампанын наркы 2,50 миң сом экендигин кошумчалады.

"Бишкек жашыл чарба" муниципалдык мекемесинин жетекчиси Урмат Дербишев 2021-жылы Бишкек шаарында жалпы 15 миңдей бак-дарак отургузуларын белгиледи.

“1-апрелге карата 6 миңдей бак отургузулду. Планга ылайык, шаарда 3 сквер салынат. Бирөө Рабочий городок кичирайонунда, экинчиси Туңгучта, үчүнчүсү Ак-Босого конушунда болот. Ошондой эле 11 миң пагондук метр жерде ирригациялык иштер аткарылат. Аны менен бирге 1,5 миллиондон ашык гүл отургузулат. Аны 20-апрелден баштап “Жеңиш” паркына тигип баштайбыз”, - деди Дербишев.

Ал эми “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык мекемесинин жетекчиси Максат Шеримбаевдин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылы шаарда 10,5 чакырым жолго асфальт төшөлөт.

“Калаадагы 3-4 парктын жолдору, 46 миң чарчы метр чуңкурлар жасалды. Быйыл ар бир төрт райондун 4 чакырым жолун оңдоо каралды жана 50 миң чарчы метр чуңкур жумуштары аткарылат. Азыр шаардын төрт районунун 7 көчөсүндө оңдоп-түзөө иштери башталды”, - деп айтты “Бишкекасфальтсервис” мекемесинин жетекчиси.

Пикир

Оставить комментарий