• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

3 жашар Аянага дарыланууга 12 миң сом жетишсиз. Дарыгерлер ага гидроцефалия диагнозун коюшкан

Коом 0

Бишкек, 12.01.18. /Роман Гайнанов – Кабар/. 3 жашар Аяна үчүн дарыланууга болгону 12 миң сом жетпей жатат. Бул тууралуу агенттиктин редакциясына кыздын апасы Гүлзада Шамшидин кызы билдирди.

“Менин 2015-жылдын январында туулган кызым Аяна Кожобековага шашылыш жардам керек. Аянага 8 ай болгондо, ал катуу ооруп, комага түшүп калган. Андан соң ага гидроцефалия диагнозун коюшкан. Кыз шашылыш операцияга муктаж болуп турду, бирок менин акчам жок болчу. Кийинчерээк менин кызымда ДЦП аныкталды. 17-январда Аяна 3кө толот. Ал азыркыга чейин башын кармай албайт, отурбайт жана өз алдынча тамактана албайт. Учурда мага кызымдын дарылануусун улантууга 12 миң сом жетишпей турат. Мен өзүм ижарага алынган батирде жашайм. Менин 1-класста окуган уулум да бар. Аянанын оорусунан улам ишке чыга албайм. Бардык кыргызстандыктарга жардам сурап кайрылам”, - деп белгиледи кыздын апасы.

Кичинекей Аянага жардам көрсөтүүнү каалагандар 0771 707184 Элсом номерине каалаган каражатын которушса болот.

Пикир

Оставить комментарий