• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

3 жылдан бери кезекте тургандар биринчилерден болуп ажылыкка жөнөтүлөт. Бирок бир шарт бар

Коом 0

Бишкек, 24.01.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Коронавирус пандемиясына байланыштуу ажылык сапарга барбай калган 4 миң 313 адам 2019-жылдан бери электрондук базада кезекте турат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Кыргызстандын муфтийинин орун басары Абибилла Кадырбердиев билдирди.

Анын айтымында, 4 миң 313 жаран 24-январдан 14-февралга чейин “РСК Банкына” 1 миң доллар өлчөмүндө каражат төлөп, кезегин кайрадан кубаттайт.

“Быйыл кайтарымсыз каражаттын суммасы 1 миң сом болду. Бирок аны 2019-2022-жылдагы каттоодон өткөндөр ал кайтарымсыз акчаны төкпөйт. Болгону банкка 1 миң АКШ долларын төлөйт жана аймактардагы ажылыкты каттоо боюнча өкүлдөргө барып, тиешелүү документтерди тапшырышы зарыл. Буга чейин алып баргандар бар болгону менен айрым документтин мөөнөтү өтүп кетет. Андыктан кайра бериши керектелет. Көпчүлүк жарандар банкка барып акчаны төлөп коюп, “мен катталдым” деп жүрө бергени туура эмес, аймактардагы биздин өкүлчүлүктөргө дагы барып каттоого туруш керек. Эки этаптан турганын эсиңиздерден чыгарбагыла”, - дейт ал.

Муфтияттын ажылык-умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек Абдылдаев 4 миң адамдын ичинен 14-февралга чейин 1 миң доллар өлчөмүндө каражатты төлөй албагандар тизмеден чыгарыларын белгилеп өттү.

“Жаңыдан ажылыкка сапар тарткандар бирдиктүү жандуу кезекте тура баштай. Ал деген ким биринчилерден болуп банкка акчасын төлөп, катталган болсо, анда алдыңкы кезекте болушат”, - деди Абдылдаев.

Эскерте кетсек, жаңыдан ажылыкка барууну каалаган талапкерлерди каттоо ID-карт паспортунун негизинде 20-февралдан 6-мартка чейин жүргүзүлөт. Талапкерлер 1000 АКШ долларын жана кайтарымсыз 1000 сом төлөбөй туруп каттала алышпайт. Эгер күтталуучулардын саны 7 миңге жетсе каттоо жабылат.
2023-жылдагы ажылыкка Кыргызстан үчүн 6 миң квота бөлдү.

Пикир

Оставить комментарий