• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

30-апрелге чейин аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин жообу

Коом 0

Бишкек, 25.04.19. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 30-апрелге карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Алсак, эртең, 26-апрелде жана 27-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

27-апрелде күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаашы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундаына 4-9 метрге чейин жетет.

28-29-апрель күндөрү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

30-апрелде түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

30-апрелде күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаашы, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ал эми 1-2-май күндөрү кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт

Пикир

Оставить комментарий