• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

30-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 30.04.19. /Кабар/. Бүгүн, 30-апрелде жана 2-3-майда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жаан жаайт, жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым учурда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 10…14, Талас облусунда түнкүсүн 1...3, күндүз 9...12 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…4, күндүз 8…10, Нарын облусунда түнкүсүн 1…3, күндүз 7…9 градус.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 5…8, күндүз 12…16 градус болот.

Борбор калаабыз Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаашы ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн 6…9 градус, күндүз 10…14 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий