• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

30-декабрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 25.12.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 26-декабрдан 30-декабрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

26-декабрда түнкүсүн Талас облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

27-декабрда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

28-30-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

26-декабрда жана 27-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

27-декабрда күндүз бир аз кар жаашы күтүлөт.

28-30-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

26-декабрда түнкүсүн кээ бир тоо этектерде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Эртең менен жана күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

27-декабрда көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт.

28-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

29-30-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

26-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.

27-декабрда жана 28-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

28-декабрда күндүз жана 29-30-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

26-декабрда жана 27-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

27-декабрда күндүз бир аз кар жаашы кутүлөт.

28-30-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

26-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

26-декабрда эртең менен, күндүз жана 27-декабрда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

28-30-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий