• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

30-январда Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 30.01.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору бүгүн, 30-январда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй жана Талас облустарында +2...+7, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +4...+9, Ысык-Көл облусунда +2...+7, Нарын облусунда -1...-6 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында +4...+6 градус болушу күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий