• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

31-январга чейин Кыргызстанда аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин жообу

Коом 0

Бишкек, 25.01.19. /Кабар/. Бүгүн, 25-январда көпчүлүк аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт, - деп билдирет Кыргызгидромет борбору.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.

26-29-январь күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Ал эми 30-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жана 31-январда кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Пикир

Оставить комментарий