• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

30-январга чейин өлкөдө аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин божомолу

Коом 0

Бишкек, 23.01.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору жакынкы күндөргө карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, эртең, 24-январда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ош, Жалал-Абад Нарын облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

25-январда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Ал эми 26-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 25-январда күндүз жана 26-январда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

27-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 28-январда болсо Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 28-январда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ал эми 29-январда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 29-январда күндүз жана 30-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Пикир

Оставить комментарий