• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

30% көтөрүлдү. Мугалимдер 5-ноябрга чейин айлык маяналарын алышат

Коом 0

Бишкек, 31.10.19. /Кабар/. Кыргызстандагы педагогдордун айлык маянасы 30 пайызга көтөрүлдү. Алар 5-ноябрга чейин айлыктарын алышат. Бул тууралуу «Кабарда» өткөн маалымат жыйынында билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков билдирди.

Анын айтуусунда, президенттин Жарлыгынын негизинде билим берүү системасында эмгектенгендердин айлыгын көтөрүү боюнча өкмөттүн токтому чыккан.

Алсак, Бишкектин бардык районундагы педагогдор үстүнө кошулган айлыктарын алып башташкан.

Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманованын айтуусунда, Ленин районундагы мугалимдер айлыгын толук алышкан, Октябрь районундагы педагогдор бүгүн алышат, Биринчи май районунда бир мектеп калган, алар айлык маяналарын эртең алышат. Андан тышкары, Свердлов районундагы бала бакчалардын педагогдору айлыктарын алышкан, 5-ноябрга чейин мугалимдердин да айлыктары түшөт.

«Бул сезилердин сумма. Анткени 6 миң сомго чейин кошулду. Бул айрым кыйынчылыктарды жаратты, бирок оң жыйынтыктар бар», - деди Мейрманова.

Билим берүү жана илим министрлигинин бюджеттик саясат башкармалыгынын жетекчиси Акыйкат Баймуратова билдиргендей, аймактагы мугалимдерге 30-сентябрдан тарта айлыктары картадагы эсептерине түшө баштаган.

Алсак, Чүй облусу боюнча Чүй, Кемин жана Ысык-Ата райондорунда айлык алышты.

Жалал-Абад облусунда – Базар-Коргон, Ноокен жана Көк-Жаңгак райондору.

Нарын облусу боюнча – Ат-Башы, Ак-Талаа райондорундагылар жана Нарын шаары.

Ысык-Көл облусундагы билим берүүнүн шаардагы бардык бөлүмдөрүнүн мугалимдери айлык маяналарын алышкан.

Талас облусу – бүгүн толугу менен түшөт.

Ош облусу – айрым райондору жарым-жартылай.

Баткен облусу – бардык райондору жарым-жартылай.

2-ноябрга чейин мугалимдердин бардыгы айлыктарын алышат.

Пикир

Оставить комментарий