• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

30-майга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 25.05.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 26-майдан 30-майга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

26-28-майларда жана 29-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

29-майда күндүз жана 30-майда түнкүсүн тоолуу райодордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

30-майда күндүз кээ бир тоо этектеринде жана толуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

26-28-майларда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

29-30-майларда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

26-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 26-майда күндүз Баткен облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

27-майда жана 28-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 28-майда күндүз Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Жалал-Абад облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

29-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 29-майда күндүз жана 30-майда түнкүсүн тоолуу райодордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

30-майда күндүз кээ бир тоо этектеринде жана толуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

26-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 26-майда күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

27-28-майларда жана 29-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 29-майда күндүз жана 30-майда түнкүсүн тоолуу райодордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 30-майда күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

26-30-майларда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

26-28-майларда жана 29-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

29-майда күндүз жана 30-майда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий