• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

30-майга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 30.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 30-майда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаайт. Бийик тоолуу райондорго кар түшөт.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында күндүз 18...23, Нарында 10...15, Ысык-Көлдө 13...18 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүз 23...28 градус жылуу болот.

Бишкекте күндүз мезгил-мезгили менен жамгыр жаашы күтүлөт, абанын температурасы күндүз 19…21 градус жылуу болот.

Пикир

Оставить комментарий