• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

30-майга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 29.05.20. /Кабар/. Эртең, 30-майда Чүй облусунун тоолуу райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым аймактарында жана Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Ал эми Талас облусунда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору кабарлайт.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 27…32 градус, Талас облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 26…31 градус ысык болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26 градус, Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 22…27 градуска жетет.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34 градуска жетиши күтүлөт.

Эртең Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 29…31 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий