• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

30-майга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 29.05.18. /Кабар/. Эртең, 30-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 17-22 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 20...25,

Талас блусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 19...24,

Баткен облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 22...27,

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9...14, күндүз 21...26,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 17...22,

Нарын облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 15...20 градус болот.

Эртең Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9, күндүз 21…23 градуска чейин көтөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий