• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

30-марттан 14-апрелге чейин Бишкектин айрым райондорунда газ болбойт

Коом 0

Бишкек, 30-март /Кабар/. 30-марттан 14-апрелге чейин Бишкектин айрым райондорунда газ болбойт. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, оңдоо иштерине байланыштуу Бишкек шаарындагы төмөнкү райондордо көгүлтүр от токтотулат:

- 30-марттан 14-апрелге чейин Л.Толстой, Кривоносов, Аммосов, Термечиков, Гагарин, Т.Фрунзе; Л.Толстой, Т.Фрунзе, Өмүракунов, Ашар, Лущихин көчөлөрүндө; №4 шаардык ооруканада, “Кока-Кола” заводунда;

- 3-апрелден 7-апрелге чейин Чүй проспектиси, Жаш Гвардия, Чокморов, Бейшеналиева, М.Фрунзе, Жаш Гвардия, Рыскулов, Ала-Арча; Чүй, Үмөталиев, Москва, Жаш Гвардия, Кудрук, Атбашы, Ж.Жолу, М.Ганди көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө.

Оңдоо иштери көгүлтүр от менен коопсуз жана үзгүлтүксүз камсыздоо максатында жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий