• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

30 миң Нигериянын жараны "Боко харамдын" чабуулунан коркуп, Камерунга качышты

Дүйнө 0

Бишкек, 31.01.19 /Кабар/. Нигериянын чыгышындагы Ранн шаарынын 30 миң тургуну "Боко харам" экстремисттик уюмунун чабуулунан коркуп, коңшу Камерунга качышты. Бул тууралуу ca-irnews.com кабарлады.

БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссариатынын басма сөз катчысы Бабар Балуш Женевадагы отурумда билдирүү жасап, акыркы 48 сааттын ичинде 30 миңдей адам Ранн шаарынан Камерунду көздөй бет алышканын белгиледи.

Анын айтымында, качкындар "Боко харамдын" мүчөлөрүнүн чабуулдарынан коркушууда.

Эске салсак, эки апта мурда "Боко харамдын" мүчөлөрү ушул шаарга кол салышкандан кийин 9 миң адам Камерунга качышкан. Бирок коңшу өлкө аларды кабыл алуудан баш тарткан.

Ушуга байланыштуу БУУнун Жогорку комиссариаты Камерундун жетекчилеринен өз чегараларын качкындарга ачып берүүсүн суранган.

Пикир

Оставить комментарий