• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

30 миллион сомго жакын баадагы контрабандалык товарлар табылды – УКМК

Кырсык 0

Бишкек, 01.05.18. /Кабар/. УКМКнын ыкчам-издөө иш чараларын жүгүзүүдө КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик Бажы кызматынын түштүк-батыш бажысынын кызматкерлери тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана жасалмалоо фактылары аныкталган.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 27-апрелинде КР УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын кызматкерлери Жалал-абад облусунда тиешелүү документтери жок дүйнөлүк маркалардын жасалма товарлары жүктөлгөн жүк ташуучу унааны кармашкан.

Аныкталган боюнча бажы органдарынын кызматтык адамдары товарлардын ээлери менен кылмыштуу сүйлөшүүлөргө барып, бажы мыйзамдарын бузуу менен импорттолгон товарларды бажы көзөмөл пунктунан текшербестен эле каттоодон өткөзүп беришкен.

Унааны кароо учурунда күнүмдүк керектелүүчү товарлар менен биргеликте тиешелүү тартипте декларациядан өткөзүлбөгөн ар түркүн моделдеги мобилдик телефондор табылып алынды. Алардын баасы алдын ала эсептөөлөр боюнча 30 миллион сомго жакын турат.

Чогулган материалдардын негизинде Ош облустук прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 304 (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 315 (кызматтык жасалмалоо) жана 204 (аткезчилик)-беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө иш чаралары жүргүзүлүүдө.

Тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий