• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

30-ноябрда Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 30.11.21. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 30-ноябрда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +9...+14, Талас облусунда +8...+13, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10...+15, Ысык-Көл облусунда +2...+7, Нарын облусунда -2...+3 градус болот.

Бишкекте абанын температурасы +12...+14 градуска чейин жетет.

Пикир

Оставить комментарий