• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

30-ноябрдан 4-декабрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 29.11.18. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 30-ноябрда 4-декабрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, эртең, 30-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

30-ноябрда күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

1-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, түнкүсүн кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдортоңголок, тайгак болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундысына 4-9 метрден, айрым жерлерде 18-23 метрге жетиши күтүлөт.

2-4-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 2-декабрда Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий