• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

30-ноябрга чейин аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин жообу

Коом 0

Бишкек, 18.01.19. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору өлкө аймагында 26-ноябрдан 30-ноябрга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

26-ноябрда түнкүсүн Талас облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

26-ноябрда күндүз жана 27-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

27-ноябрда күндүз Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

28-ноябрда түнкүсүн Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт.

29-ноябрда түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. 29-ноябрда күндүз жана 30-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 28-ноябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

26-27-ноябрларда жана 28-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

28-ноябрда күндүз жана 29-ноябрда түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

29-ноябрда күндүз жана 30-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 28-ноябрда 14 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

26-ноябрда тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

27-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын тооолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

28-ноябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт.

29-ноябрда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

29-ноябрда күндүз жана 30-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 28-ноябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

26-ноябрда түнкүсүн кээ бир райондордо, эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

27-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. 28-ноябрда түнкүсүн кээ бир райондордо, эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт.

29-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. 29-ноябрда күндүз жана 30-ноябрда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 28-ноябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

26-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 26-ноябрда эртең менен жана күндүз мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

27-ноябрда жана 28-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

28-ноябрда күндүз жана 29-ноябрда түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. 29-ноябрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

30-ноябрда Каракол шаарында бир аз кар жаашы мүмкүн, Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 28-ноябрда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

26-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

27-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. 28-ноябрда түнкүсүн кээ бир райондордо, эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

29-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. 29-ноябрда күндүз жана 30-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 28-ноябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий