• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

30-ноябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 29.11.19. /Кабар/. Эртең, 30-ноябрда Кыргызстандын аймагында кар жаабайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор тайгак, тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…+2, Талас облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -1…+4 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 2…7, Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз 0…-5 градус.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8 градус жылуу болушу күтүлөт.

Борбор калаабыз Бишкек шаарында эртең кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -7…-9 градус, күндүз -1…+1 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий