• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

30-октябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 29.10.18. /Кабар/. Эртең, 30-октябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлерине туман түшөт. Тоолуу райондордо жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 14...19,

Талас облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз 10...15,

Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 2...7, күндүз 14...19,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 10...15,

Нарын облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз 10...15,

ЭртеңБишке, 30-октябрда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 0...2, күндүз 16...18 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий