• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

30-сентябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 29.09.21./Кабар/. Эртең, 30-сентябрда, Кыргызстандын айрым аймактарында жаан жаайт.

Кыргызгидромет борбору маалымдагандай, Чүй, Жалал-Абад, Талас облустарынын айрым аймактарында жаан-чачын жаашы ыктымал, калган аймактарда күн ачык болот.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 6 … 11, күндүз 19 … 24 градус, Талас облусунда түнкүсүн 2 … 7, күндүз 20 … 25 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5 … 10, күндүз 19 … 24 градус, Нарын облусунда түнкүсүн 3 … 8, күндүз 20 … 25 градус жылуу болушу ыктымал.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн 9 … 14, күндүз 24… 29 градус жылуу болот

Эртең борбор калаабыз Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 8 … 10, күндүз 21 … 23 градус ысык болот.

Пикир

Оставить комментарий