• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

30-сентябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 30.09.22./Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 30-сентябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +17…+22, Талас облусунда +15…+20, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +21…+26, Ысык-Көл, Нарын аймактарында +17…+22, ал эми Бишкекте +19…+21, Ош шаарында +24…+26 жылуу болот.

Пикир

Оставить комментарий