• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

30 тонна чөп жана 20 тонна көмүр күйгөн. Акыркы суткада 20 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 17.08.22. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада 20 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 10, Ош облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 1, Баткен облусунда 3 өрт кырсыгы катталып, аны өчүрүүгө 21 бөлүм тартылган. ​​​​​​

Панфилов районунун Чалдовар айылындагы Верхняя көчөсүндө жыгач устундуу шифер менен жабылган 25 чарчы метр бастырма, 20 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Аламүдүн районунда Лебединовка айылындагы №12 бала бакчанын кампасында 20 тонна көмүр түтөдү. Өрттүн себеби: заттардын жана материалдардын өзүнөн өзү күйүүсү.

Аламүдүн районунда Ленин айылында “Ак-Жол” өткөрмө пунктунун жанында жайгашкан “Ветка” фермасына таандык 30 тонна эндей чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий