• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

30 жылдык жемиштүү кызматташтык: Кыргызстандын үч шаарында Европа күнү белгиленди

Коом 0

Бишкек, 14.05.22./Кабар/. 10-майда Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган “Европа айылдары” үч шаарда – Бишкек, Ош жана Караколдо эшигин ачты.

“Европа айылдары” Кыргызстанда ушуну менен үчүнчү жолу өтүүдө. Буга чейин Европанын бир бөлүгү менен борбордун тургундары гана таанышып келишсе, эми өлкөнүн аймактарында да Европа айылдары ачылып, өзгөчө масштабда өткөрүлдү.

Бардык «Европа айылдары» Бишкек – Ош – Каракол боюнча бир телекөпүрөдө биригип, майрамдык иш-чаралар үч шаарда тең чоң экрандардан көрсөтүлдү.

Бул жылы майрамдык иш - чаралар Кыргызстан менен Евробиримдиктин кызматташтыгынын 30 жылдыгына арналды. Ушул жылдан баштап өлкөнүн башка аймактарынын жашоочулары Европада “болууга” мүмкүнчүлүк алышат.

Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн элчиси Эдуард Ауэр белгилегендей, Европа күнү жыл сайын 1950-жылдагы Шуман декларациясын эскерүү максатында өткөрүлөт.

"Бул документ ЕБге мүчө мамлекеттердин тынчтык жолунда кызматташууга жана интеграцияга умтулуусунун башталышына жол ачты. Кыргыз Республикасы менен Евробиримдик 30 жылдан бери кызматташып келе жатат, демек,бул майрам мамлекеттер ортосундагы тынчтык ниетти жана тыгыз достукту гана эске салып турат. Кыргызстанга биринчи грант 1992-жылы берилген жана биздин кийинки бардык долбоорлорубуз Кыргызстанга эркин жана көз карандысыз мамлекетти курууга мүмкүнчүлүк түзүүгө багытталган. Ошондон бери биздин кызматташтыгыбыз жыл сайын кеңейип, Европа Биримдиги билим берүү, санариптик трансформация, жашыл экономика ж.б. ушундай маанилүү багыттарды өнүктүрүүгө жардам берип келет”, - деди дипломат.

Элчи ошондой эле президент Садыр Жапаровдун 2022-жылдын аягында Брюсселге иш сапары күтүлүп жатканын, бул Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосундагы эки тараптуу мамилелердин чыңдалышынын жана өнүгүшүнүн жакшы көрүнүшү экенин белгиледи.

Өз кезегинде тышкы иштер министринин биринчи орун басары Айбек Молдогазиев уюштуруучуларды, меймандарды куттуктап, мындай кызыктуу иш-чараны өткөрүү биздин шаарларыбыз үчүн эң сонун салтка айланып баратканын белгиледи. Ал Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташуу жылдарында түзүлгөн өз ара урматтоо, ачыктык, бири бирин түшүнүшүү принциптериндегиөнөктөштүк мындан ары да ырааттуу өнүгүп, чыңдала берерине ишенимин билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө Бишкек, Ош жана Каракол шаарларынын тургундары Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин маданияты менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Евробиримдиктин 12 өлкөсү өздөрүнүн товарларын, сувенирлерди басылма жана маалымат материалдарын тартуулашты, каалоочулар үчүн интерактивдүү сессиялар, балдар үчүн оюн-зоокторуюштурулуп, кызыктуу сынактарда баалуу белектер жана байгелер ойнотулду.

Катышуучулар европалык салттуу ашкананын даамын татып, кызыктуу шоу программаларга катышып, Европа Биримдиги Кыргызстанда ишке ашырып жаткан долбоорлор менен да таанышышты. Ар бир адам долбоорлор менен кенен таанышып, кызыккан суроолоруна жооп ала алышты.

Иш-чара баштан аяк европалык аткаруучулардын ырлары, ошондой элежергиликтүү белгилүү артисттер – Омар, Тамга, Толгонай Арзыкеева жана Combo Band ырлары менен коштолду.

Пикир

Оставить комментарий